AUCA the best 2

2024-04-27

Sports Awards

Спорт федерацияларынын жетекчилери бейформал жолугушту

Кыргызстандагы спорт федерациялардын жетекчилери бейформал жолугушуу өткөрдү. Кезектеги иш-чара XIX жайкы Азия оюндарындагы кыргыз спортчуларынын ийгиликтерине арналды. Аны КРдин Күрөш федерациясы уюштурду.

Жолугушууда спорт чөйрөсү жетишкендиктер менен бөлүшүп, көйгөйлөрдү талкуулап, жакынкы келечекке пландарды түзүштү.

Жолугушууга меценаттар, демөөрчүлөр жана спорт журналисттери да чакырылган. КРдин Күрөш федерациясынын президенти Мелис Токтомамбетович Турганбаев жеңүүчүлөрдү куттуктап, келген коноктордун спортко кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сырттан караган адамга оңой көрүнгөнү менен федерациянын ишин жүргүзүү ары жоопкерчиликтүү, ары татаал. Чындыкты айтып өтүү керек, азыр мурдагыга караганда спортко жакшы көңүл бурулуп жатат, ошондуктан спортчуларыбыз дүйнөлүк аренада Кыргызстандын желегин желбиретип, жакшы ийгиликтерди жаратып жатышат. Кыргыз спортунун өнүгүшүнө салым кошуп жаткан ар бир инсанга таазим кылып, ыраазычылык билдирем. Алдыдагы оюндарда кыргыз спорт ишмерлерине ийгилик каалайм”, - деди Турганбаев.

Иш-чарада Кыргызстанда грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшүнүн өнүгүшү, өлкөбүздө спорттун бул түрлөрүн өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошкон машыктыруучулар, спортчулар, калыстар, дарыгерлер жөнүндө тасма көрсөтүлдү.

Иш-чарада кыргыз спортунун өнүгүшүндө эбегейсиз салымы бар, меценаттардын көч башында турган Аскар Салымбеков сөз сүйлөп, кыргыз спортчулары Парижде боло турган олимпиадада алтын медаль утарына ишеним билдирди. 

"Бүгүнкү иш-чара абдан чоң ийгиликтер менен өтүп жатат. Айрыкча, күрөш федерациясынын ишмердүүлүгүн белгилеп кетким келет. Аз убакыттын ичинде Кыргызстанды болуп көрбөгөндөй даңазалап коюшту. Ар бир кыргызстандык сыймыктанчу ийгиликтерди жаратты. Чындыгында, дүйнөнү таң калтырган жеңиштер болду. Парижде боло турчу олимпиадада алтын медалды дал ушул Күрөш федерациясынан күтүп калабыз, мен буга ишенип турам. Убакыт келди", - деди Салымбеков. 

Дагестандын Дене тарбия жана спорт министри Сажид Сажидов Мелис Турганбаевге улуттар аралык тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого, руханий биримдикти, достукту сактоого жана дене тарбия менен спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Негизи, спортто ийгилик жаратуу жана аны өнүктүрүү оңой иш эмес. Бүгүн бул жерде кыргыз спортунун ишмерлери менен жолугуп жатканыма кубанып турам. Сиздер келечек муун үчүн ат көтөргүс эмгек кылып жатасыздар. Баарыңыздарга ийгилик каалайм”, - деди Сажидов.

Белгилей кетсек, Сажид Сажидов эркин күрөш боюнча балбан, 2004-жылы Афинада өткөн жайкы олимпиаданын коло байгесинин ээси, дүйнөнүн жана Европанын эки жолку чемпиону, Орусиянын төрт жолку чемпиону.

Ошондой эле, жыйында Кыргызстандын мыкты спортчуларын сыйлоочу “Sports Awards 2023” аземи талкууланды. Долбоордун автору Динара Орозбаева сөз сүйлөп, быйылкы салтанат 22-декабрда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөрүн маалымдады. Белгилей кетсек, “Sports Awards” быйыл тогузунчу жыл өтүп жатат.

“Быйыл кыргыз спортунда ийгиликтер абдан көп. Ийгиликтер менен баарыңыздарды куттуктайм! “Sports Awards” салтанаты спортчуларды, дегеле спортко салымы бар инсандарды даңктоо жана аларга стимул берүү үчүн ачылган иш-чара. Мында спортчулар эле эмес, меценаттар да сыйланат. Жалпы эле кыргыз спорт чөйрөсүнүн башын бириктирет. Мындай иш-чара биздин спортко абдан керек. Долбоорду колдоп келген мамлекеттик мекемелерге жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирем”, - деди Орозбаева.

Спорт федерацияларынын жетекчилеринин кезектеги жыйынын январдын аягында өткөрүү пландалууда.