AUCA the best 2

2024-05-13

Мелдештер

Ааламга жол айылдан башталат. Жалал-Абаддын жаш спортчулары намыска жарады

2-июнда Ливанда самбо боюнча кезектеги Азия чемпионаты өтүп, анда ата мекендик самбо чеберлерибиз ийгилик жаратып келишкенинен кабарыңыз бар. Анда эр-азаматтарыбыз жалпысынан 7 алтын жана 10 күмүш медаль жеңип алышкты. Мына ошол байге ээлеринин арасында Жалал-Абад шаарынын самбо мектебинин тарбиялануучулары да бар. Андыктан алардын жетишкендиктери тууралуу сурап, “Динамо-Жалал-Абад” самбо клубунун улук машыктыруучусу Замирбек Раевге кайрылдык. 

- Замирбек агай шакирттериңиздин ийгиликтери тууралуу өзүңүздөн 2 ооз кеп уксак?
- “Динамо” самбо клубубуздан Кыргызстандын курама командасынын курамында Азия чемпионатына 2 балбаныбыз барып келди. Алар Керимбеков Бекболсун жана Нуралиев Талас. Экөө тең жылдын башында өлкө чемпиондугун утуп, курама командага кабыл алынышкан. Азия чемпиондугуна чоң максаттарды коюп, олуттуу даярданышты. Алгач Жалал-Абадда даярдык көрүштү, андан соң Ысык-Көлдө машыгуу сборун өткөрүп келишти. Жада калса Нуралиев Талас Москвада да машыгуу сборуна да катышып келди. Жыйынтыгында алар ишеничти актап, медаль менен кайтышты. Бекболсун 90 кг салмакта чемпион болсо, Талас абсолюттук салмак категориясында күмүш медалды камсыздады. Талас финалга чейин жетет деп ойлогом. Анын жеңиштери алдыда, анткени ал Азия чемпиондугуна алгачкы ирет гана катышып жатат. Ал эми Бекболсун буга чейин Азия чемпиондугуна катышып, коло медалга илинген. Аздыр-көптүр тажрыйбасы бар эле. Чемпион болуусуна дал ошол нерсе да таасирин тийгизбей койгон жок.

- Жалал-Абаддын “Динамо” самбо клубунан Азия чемпиондору биринчи жолу чыгып жаткан жок. Андыктан кыскача тарыхына токтоло кетсеңиз?
- Туура айтасыз, ири жеңиштерден уучубуз куру эмес. Буга чейин деле биздин залдан Азия чемпиондору чыгып келген. Алсак, кезинде Идирисов Бектур, Көкүмов Кубаныч, Бекбердиев Нурисбек сыяктуу самбочуларыбыз Азияны багынтышкан. Эми алардын ишин жаштарыбыз улантып жатышат. Негизи биздин залдын ийгилиги Жеңишбек Жоробековдун ысымы менен байланыштуу. Ал 2012-2013-жылдары шаарыбыздын Ички иштер башкармалыгын жетектеп баштаган кезинен баштап самбого көңүл буруп, жакшы шарттарды түзүп берген. Ал киши бизден чемпиондор чыгарына 10 жыл мурда эле ишенген экен. Мына минтип ошол кездеги иш-аракеттердин мөмөсүн азыр көрө баштадык. Эгер ал киши кезинде бизге ишеним артып, ар тараптан колдоо көргөзбөсө, анда бүгүнкү күндө тагдырыбыз кандай болорун Кудай билет. Айтор биз ага терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Азыр да биз мелдештерге катышуу үчүн борборго барып калсак, жылуу тосуп алат. Жатакана жана тамак-аш, моралдык жактан колдоолорун аябайтABC самбо 1

- Эми алдыда кандай мелдештер кутүп жатат?
- Буюрса быйылкы жылы Азия Кубогу менен Дүйнө чемпионатына катышууну пландаштырганбыз. Ал жактан да байгелүү орундарды ээлеп, кыргыздын туусун бийик желбиреткибиз келет. Балдарыбыз жаш, спорттогу жолун эми баштап жаткан келечектен көптү үмүттөндүргөн спортчулар. Алдыда дагы чоң жеңиштер менен кыргыз элин кубантабыз деген үмүттөмүн.