AUCA the best 2

2024-05-10

Токио-2020

Олимпиада: Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын алкагында жарым финалга жолдомо алып, Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшөт

Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмак ченинде катышып жаткан Акжол Махмудов алгачкы жеңишинин камсыздады. Балбандын атаандашы  Тунис өлкөсүнөн барган спортчу Ламджед Маафи болду.
 Жыйынтыгында Махмудов 11:0 эсеби жеңип, чейрек финалга чыккан. Ал эми мелдештин экинчи этабында азербайжандык Рафик Хусейновду 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти
Эми ал жарым финалда армениялык Карапет Чалян менен күрөшөт. Жарым финалдык кармаштар саат 15:15те башталат.
Ал эми Мээрим Жуманазарова  жарым финалга чыга алган жок. Чейрек финалда Жуманазарова нигериялык Блессинг Оборудуду менен күрөшүп, 2:3 эсебинде жеңилип калды. 
 
Нигериялык балбан кыз финалга чыга турган болсо, Жуманазарова коло медаль үчүн таймашты улантууга мүмкүнчүлүк алат.
Белгилей кетсек, биринчи кармашында кыргызстандык балбан кыз Болгария лык Мими Христова менен күрөшүп, атаандашын 7:5 эсебинде жеңген.