AUCA the best 2

2024-05-11

Токио-2020

Олимпиада оюндары: Айсулуу Тыныбекова финалга жолдомо алып, Махмудов күмүш медаль тагынды

Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында эркин күрөшү боюнча 62 кг салмак категориясында катышып жаткан Айсулу Тыныбекова финалга жолдомо алган.
Ал финалдык беттеште  украиналык балбан Ирина Коляденко менен күч сынашкан. Жыйынтыгында 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишип, финалга жолдомо алган. Ал эми Тыныбекова мелдештин биринчи этабында латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшкөн. Аны 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишип, чейрек финалга жолдомо алган эле. Жарым финалдык беттеште Венгриялык балбан Криста Тунде Инче менен күрөшүп, таза техникалык артыкчылык менен жеңишке жетишкен. 
Тыныбекова финалдык беттеште Япониянын балбаны Юкако Каваиге каршы күрөшөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 17:50 дө Ала-Тоо аянтында чоң экрандан көрсөтүлөт. Белгилей кетсек, Тыныбекова үчүн бул Олимпиада оюндары экинчи болуп калды.
Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта катышып, Олимпиада оюндарынын күмүш медалын тагынды. Ал финалдык беттеште венгриялык балбан Тамаш Лоринц менен беттешип 2:1 эсебинде жеңилип калган. Махмудов мелдештин алгачкы этабында Тунистик балбан Маафи Ламжед күрөшүп, 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишкен. Чейрек финалда Азербайжандык  балбан Рафиг Хусейнов менен беттешип 9:1 эсебинде жеңишке жетишкен. Махмудов Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күмүш медалынын ээси болуп калды. Белгилей кетсек 2008-жылдан бери Кыргызстан үчүн алгачкы күмүш медаль болду.
Белгилей кетсек Акжол Махмудов 22 жашта, эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Апрель айында Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо уткан.