AUCA the best 2

2024-05-10

Токио-2020

Айаал Лазарев Олимпиада оюндарындагы мелдешин жыйынтыктады

Кыргыз республикасынын эркин күрөшү боюнча балбан Айаал Лазарев Токиодогу Олимпиада оюндарындагы мелдештерин жыйынтыкталды. Ал 5-августта 125 кг чейинки салмак даражасында 16 спортчунун арасында мелдешип баштаган эле.

1/8 финалда А.Лазарев америкалык Дэн Гейбл Стивенсонго жеңишти 0:10 эсебинде алдырган. Америкалык балбан финалга чыгып, А.Лазарев коло байга үчүн күч сынашуу мүмкүнчүлүгүн алган болчу.

Бирок бүгүн, 6-августта көңүл жубатуучу мелдештин 1-раундунда Түркиянын балбанына 0:4 эсебинде жеңилди.

125 кг чейин

1/8 финал

Айаал Лазарев - Дэн Гейбл Стивенсон (США) 0:10

Коло медаль үчүн көңүл жубатуучу беттеш

1-раунд

Айаал Лазарев - Таха Акгүл (Түркия) - 0:4