AUCA the best 2

2024-05-10

Жаңылыктар

Ташиев дүйнө чемпиону болгон 9-кызматтын кызматкерин сыйлады

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев комитеттин 9-кызматынын кызматкери Таалай Жанаевди ведомстволук “Эрдик” сыйлыгы менен сыйлады.

2-10-ноябрь күндөрү Абу-Дабиде (БАЭ) жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, ага 127 өлкөдөн 7 миңге жакын спортчу катышкан.

Жанаев жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында 77 килограммга чейинки салмакта биринчи орунду ээледи.