AUCA the best 2

2024-04-28

Жаңылыктар

Хайитхон Хусан кызы Япониядагы эл аралык мелдеште алтын медаль утту

Кыргызстандын парадзюдо боюнча курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы Японияда өтүп жаткан эл аралык мелдеште 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Кезектеги Гран-при сериясындагы турнир 4-декабрда башталды.

Ата мекендик спортчу 48 кг чейинки салмак ченинде катышты. Ал 1/4 финалдык баскычтан баштап, анда монголиялык атаандашын жеңип, жарым финалда аргентиналык спортчуну артта калтырган. Ал эми чечүүчү финалдык беттеште япониялык Хангаи Шизукини жеңип, алтын медалдын ээси болуп калды.