AUCA the best 2

2024-04-27

Жаңылыктар

Кыргызстандык самбочу эл аралык мелдеште коло утту

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Байэл Жакшылыков Россияда өтүп жаткан эл аралык мелдеште коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу 71 кг чейинки салмакта катышкан. Жалпы эки беттеш өткөрүп, жарым финалдык беттеште орусиялык балбанга жеңилген.

Белгилей кетсек, Гран-при финал эл аралык мелдеши 7-декабда башталган, бүгүн жыйынтыкталат.