AUCA the best 2

2024-04-27

Жаңылыктар

КР Теннис федерациясы Азия теннис федерациясы тарабынан сыйланды

Иш-чара Азия теннис федерациясынын Бангкоктогу жалпы сессиясынын алкагында өттү. Кыргыз теннис федерациясынын президенти Нурдин Медетов Орто Азияда теннисти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды. ATF жана ITF турнир квоталарынын көбөйтүү, календардык планды оптимизациялоо, машыктыруучуларга семинар уюштуруу, JTI программасы боюнча иш алып баруу жана Кыргызстанда теннисти өнүктүрүүдөгү талыкпас эмгеги үчүн аталган федерация Азиядагы мыкты федерация аталды.

“Федерациянын жалпы командасына, мүчөлөрүнө жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиргим келет. Бул чоң жетишкендик жана Азиядагы теннистин өнүгүшүнө жакшы таасирин тийгизет”, - деди Нурдин Акылбекович.

Эскерте кетсек, Юрий Польский Азия теннис федерациясынын президенти болуп шайланды. Ал жалпы 55 добуштун 34ү берилди. КР Теннис федерациясы өз добушун Юрий Польскийге берди.