AUCA the best 2

2024-04-28

Жаңылыктар

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча мелдеш өттү

Бишкек шаарында грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык турнир өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдеш “Манас” эпосунун күнүнө карата уюштурулуп, спорттук иш-чарага Россия, Казакстан, Швеция, ошондой эле Кыргызстандын аймактарынан келген спортчулар катышты.

«Эң мыкты жыйынтыктоочу жолугушуу үчүн» турниринин эстелик кубогу төмөндөгүлөргө ыйгарылды:
- 72 кг салмакта Новосибирск шаарынан келген спортчу Грайр Оганесян;
- 82 кг салмакта Казакстандын спортчусу Калтай Дияс;
- 67 кг салмакта Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинин спортчусу Сабит Шамшединов;
- 60 кг салмакта «Ак илбирс» спорт мектебинин спортчусу Туратбек уулу Саид.

Белгилей кетсек, иш-чараны Маданият министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгы, Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти, Манас улуттук театрынын жаштар иштери боюнча башкармалыгы жана чыгармачылык тобу уюштурду.